Аламүдүн районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ок атуучу курал табылды

Аламүдүн районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-август күнү 23 жаштагы А.А. жашаган үй текшерүүгө алынып, анын негизинде мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал табылган. Ошол эле күнү 22 жаштагы Я.В. аттуу жарандын да үйү текшерилип, бир канча ок-дарылар алынган. Учурда ок-дарылар жана ок атуучу курал кандайча аталган жарандардын колуна тийип калганы иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан