Бишкек шаардык соту Данияр Нарымбаев боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Жогорку Соттон билдиришти.
Айта кетсек, 23-июль күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Данияр Нарымбаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бул чечимге макул болбогон жактоочу Бишкек шаардык сотуна даттануу келтирген. Ал даттанууну бүгүн Бишкек шаардык соту карап, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.
Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка камакка алынган эле. Экс-чиновник "Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берүүнү убадалап, анын жакындарынан ири суммада пара алган" деп күнөөлөнүүдө. Бул чуулгандуу окуя менен кененирээк бул жактан тааныша аласыз.