Жетекчилердин жардамчыларынын кызматка сынаксыз дайындалышын жокко чыгаруу сунушталууда

Парламенттин 27-февралдагы жыйынында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Аталган мыйзам долбоорунун автору - депутат Курмантай Абдиев. Эл өкүлүнүн айтымында, учурда Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сынагынан өткөн статс-катчылыкка талапкерлердин кызмат ордуна дайындалышында бир катар кыйынчылыктар бар. Анткени ага мамлекеттик кызмат жетекчисинин макулдугу керек. Буга байланыштуу ал талап алынууда. Буга кошумча, мыйзамдагы мамлекеттик кызмат жетекчилеринин жардамчыларынын сынаксыз дайындалышына байланыштуу жобону да алып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоору колдоо тапса, жетекчилердин жардамчылары да башка мамлекеттик кызматкерлердей эле сынак тапшырып, анан кызматка дайындалат. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан