"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 11-августта Ош шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Депутаттын эл менен жолугушуусуна жаштардын өкүлдөрү, окутуучулар жана түштүк борбордун жашоочулары катышты.
Өмүрбек Текебаев чогулгандарга Жогорку Кеңеште жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Ал өз сөзүндө биздин өлкөдө партиялык парламенттик систем иштеп жаткандыгын белгиледи. Азырынча партиялар системдин талаптарына толук жооп бербей турганы, ошентсе да партиялык системди реформалоо зарылдыгы келип чыкканы айтылды.
“Партиялар реалдуу болушу керек. Анын ички турмушунда демократия болушу шарт, партиялык башкарууну децентрализациялоо керек. Партиянын иштөө тартиби жаңыланууга жана партиянын жетекчилигин алмаштырууга ыңгайлуу болушу зарыл. Эң негизгиси, саясий коррупцияны азайтуу кажет. Мына ушул максатта биз элдин тандоосу боюнча жыйынтык чыгарып, мандат бөлүштүрүү чечимине келдик”,- деп маалымдады Өмүрбек Текебаев.