Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев мекендештерди Курман айт майрамы менен куттуктады: “Урматтуу мекендештер! Илгертеден
элибизде Курман айт таза ниет, ак тилектер менен коштолуп келген. Курман айт
бизди ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана сабырдуулукка үндөйт. Ушул ыйык күндөрдө ылайым Алла Таалам мекендештерибиздин ак тилектерин
кабыл кылсын! Кыргызстаныбыздын жолун ачсын! Ушул күнү ыйман нуру ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең уяласын! Бардыгыңыздарга
чың ден соолук, бакыт-таалай каалайм! Ар бир үй-бүлөдө ынтымак болсун!
Кыргызстаныбызда тынчтык жана биримдик орносун!”