Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмышкерлерди издөө башкармалыгында коррупциялык схемалар аныкталып, пара талап кылууга шектүү катары милициянын подполковниги К.Б. менен милициянын майору Р.М. кармалды. Бул тууралуу 12-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү К.Б. "маңзат таштап, жоопко тарттырам" деп коркутуп И.З. аттуу жарандан 8 миң доллар талап кылган.
Кечээ, 11-августта 1000 доллар пара алып жаткан жеринен милициянын подполковниги К.Б. менен милициянын майору Р.М. колго түшүрүлгөн. Кармалган кызматкерлердин унаасын тинтүү учурунда 1,8 грамм героинге, 1,3 кара куурайга окшош зат табылган. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.