
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы
Өмүрбек Бабановдун өкмөтүн отставкага кетирүү үчүн "Ата Мекен" фракциясы "премьер-министрге түркиялык ишкер тарабынан кымбат баалуу аргымак тартууланган, бул пара алууга барабар" деген билдирүү таратуу менен кезексиз жыйын өткөргөн.
* Мындан 49 жыл мурун, 1966-жылы Тунисте кыздарга кыска юбка кийүүгө тыюу салынган. Туризм тармагы өлкөнүн экономикасынын негизги бөлүгү болуп саналат. Туристтердин саны көп болгонуна карабастан, тыюу салуу баарына бирдей каралган. Мамлекет мусулман өлкөсү болгондуктан, мындай көрүнүштөр таң калууну жана нааразычылык жараткан эмес.* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Польшанын Познани шаарында өткөн көчө футболу боюнча Дүйнө чемпиондугунда кыргыз өлкөсүнүн аялдар курама командасы 4-орунду ээлеген.

* Мындан 89 жыл мурун, 1926-жылы кубалык революциячы жана коомдук-саясий ишмер, Кубанын Мамлекеттик кеңешинин төрагасы (1976-2008), Кубанын 15-премьер-министри (1959-1976), айтылуу
Фидель Кастро Кубанын Орьенте провинциясындагы Биран кыштагында туулган. 1961-жылы 16-апрелде Фидель Кастро Кубаны социалисттик мамлекет деп жарыялаган. 1965-жылдын октябрь айынан тартып Ф.Кастро Куба БК биринчи секретары кызматын аркалаган. 2003-жылы 31-августта Түндүк Америкадагы индейлер Кастрого революциядагы жетишкендиктери жана эр жүрөктүүлүгү үчүн "Бүркүт канаты" наамын ыйгарышкан. Адатта, бул наамды индейлер ар-намыстуу жана эр жүрөк адамдарга гана ыйгарышкан.

* Мындан 116 жыл мурун, 1899-жылы америкалык ойлоп табуучу
Уильям Грей телефон-автоматын патенттеген.