Дубай шаарында дүйнөдөгү эң бийик мейманкана ачылды. "JW Marriott Marquis" деп аталган бул мейманкананын ачылыш аземи 27-февралда болуп өттү. Имараттын бийиктиги 355 метрди түзүп, 82 кабаттан турат. Мейманканада 1600 бөлмө, 14 ресторан бар. Ал ресторандарда бир эле учурда 3 миңдей адам тамактанса болот. Бул жерде иштеген кызматкерлер дүйнөнүн 67 өлкөсүнөн тандалып алынган.