Бишкекте велосипедди ижарага берген аялды карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 9-август күнү кечинде Раззаков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда эс алуучуларга велосипедди ижарага берген аялга белгисиз адам бычак такап, баштыгын алып кетүүгө аракет кылган. Ошол учурда жабырлануучу кыйкырып, элди жардамга чакырган. Мындан улам айласы кеткен кылмышкер качып кетүүгө үлгүргөн, бирок көпкө узабай милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал Ысык-Ата районунун 1991-жылы туулган А.Арзыбек аттуу тургуну болгон. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.