Пара алып жаткан жеринен Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, сот аткаруучу шаар тургунунан унаасын камактан чыгарып берүү үчүн 200 доллар талап кылган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде сот аткаруучу пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.