Япониянын премьер-министри: "Биз демократияны куруудагы Кыргызстандын аракетин баалайбыз"
27-февралда президент Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Жолугушууда Япониянын өкмөт башчысы Кыргызстан Япониянын маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. “Япония менен Кыргызстан демократия, эркиндик жана адам укуктары сыяктуу түптүү дөөлөттөрдү колдойт. Андыктан биз демократияны куруудагы Кыргызстандын күч-аракеттерин жогору баалайбыз”,- деди. Ал эми Алмазбек Атамбаев жылуу кабыл алууга ыраазычылык билдирип: “Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык өнүгө берет деген үмүттөмүн. Биз Япония менен мамилелерибизди кастарлайбыз жана эки элдин тең келечеги үчүн бул мамилелерди мындан ары да чыңдай бермекчибиз”,- деп билдирди. Ошондой эле тараптар “Кыргызстан менен Япониянын ортосунда достукту, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө” кол коюшту.