Чүй облусунун Петровка айылында жергиликтүү тургун маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 1992-жылы туулган жаран кармалган. Аны текшерүү учурунда колундагы желим бөтөлкөнүн ичинде 1 килограмм марихуана болгон. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.