Ленин чокусуна чыгып бара жатышкан испаниялык альпинисттердин бири жүрөк оорусунан улам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Куралдуу күчтөрдүн авиациясы 7 альпинистти Ош шаарына алып келишкен. Алардын бири Хосе Хернандес 4000 метр бийиктикте жүрөк оорусунан улам каза тапкан.
Айта кетсек, Ленин чокусу Чоң-Алай кырка тоосунда жайгашкан. Анын бийиктиги 7134 метр.