Бишкекте 21 жаштагы жигитти уурдап, туугандарынан 30 миң сом талап кылгандар кармалышты

Бишкекте 21 жаштагы жигитти уурдап, туугандарынан акча талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-июль күнү белгисиз төрт адам 21 жаштагы А.А. аттуу жигитти күчтөп унаага салышып, Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирлердин бирине алып барышкан. Андан соң аны сабап, 30 миң сом талап кылышкан. Эжесине да телефон чалышкан, бирок ал сураган акчаны берүүдөн баш тарткан. Ал эми 23-июль күнү саат 07:30 чамасында кылмышкерлердин этиятсыздыгынан улам жигит терезеден секирип, жыгач тосмого илинип калган. Мындан улам кылмышкерлер батирди таштап качып кетишкен. Жабырлануучу кайра балкон аркылуу батирге кирип, милицияга кабарлаган. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде 12-августтан 13-августка караган түнү кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Шамил, 24 жаштагы Алексей, 26 жаштагы Артур кармалган. Учурда алар өз күнөөлөрүн моюндарына алышып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
EdikoKG
2015-08-13 11:00:04
Уурунун жолу ар дайым кууш. Эснерден чыгарбагыла!
+4
NZ170685K-Dariya
2015-08-13 11:11:12
Жон жашашса болот бир бирин урдабай эле.кыз тируу бекен
-4
admin_superstan
2015-08-13 11:22:47
Саламатсыздарбы!
Кабарда катачылык кеткен. Ката оңдолду. Туура түшүнүү менен кабыл алыңыздар.
-4
AiBoru
2015-08-13 11:50:11
Кичинекейлерди жалгыз жалгыз жургонунон коркчу элек. Эми чоноюп бой жетип калгандарды да кайтарып журуу керек болуп калыптыр тобооо
+3
karona
2015-08-13 12:07:26
Тообо, адамды адам уурдап... Эмне деген жашоо болуп жатат деги. Озун коргой албаган жаш балдар уурдалганын билчу элем, эми чондорго да кол салып баштаптыр да. Чет олколук фильмдердин терс таасири тийип жатат карапайым элге.
0
Umar080814
2015-08-13 17:09:16
Ошол '' мени уурдады'' деген бала озу да чогуу эмес бекен деги? Кантип эле алар качып кеткенин билгендей эле уйго кайтып кирсин.
0
Ayperi94
2015-08-14 13:38:56
Акча табуунун мындай арам жолдорун ойлоп тапкыча, акчасыз эле селсяк болуп жашаган дурусураак.
+1
Akul-Kara-chach
2015-08-15 17:19:37
Неге уйго кайра кирет?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан