Бишкектеги Түштүк дарбазада ок атышуу болуп, бир адам каза тапты

27-февраль күнү саат 16:15 чамасында Бишкек шаарынын Түштүк дарбаза аймагында ок атышуу болуп, кырсыктан 1981-жылы туулган Ж.М. аттуу адам каза болду. Ок маркумдун башына тийген. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, бул кырсыкка 9 миң доллар акча карызы себеп болгон. Каза тапкан Ж.М. менен 1989-жылы туулган А.И. ошол карыздын айынан өз ара мамилелерин чечишип алууга аталган аймакка барышкан. Ортодо пикир келишпестик чыгып, А.И. аттуу адамдын бутуна да ок тийгени маалым болду. Окуя болгон жерде дагы 4 адам бар экендиги кабарланды. Учурда шектүү делген адамдардын аты-жөнү такталып, тергөө иши жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан