Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айылдардын биринде жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Окуя 23-февралда катталган. Баланы айылдагы үйлөрдүн биринин алдына таштап кеткен. Учурда баланын энеси ким экендиги тактала элек жана иликтөө иши жүрүп жатканы айтылды. Ал эми ымыркайдын абалы жакшы экени кабарланды.