Бишкекте тоноочулукка шектелип 28 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 13-августта билдирди.
Маалыматка караганда, Биринчи Май РИИБине 6-августта Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну И.В. кайрылган. Ал Малышев жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйөөсү Я.М. аттуу жаранга белгисиз адамдар кол салып, акчаларын уурдап кетишкенин билдирген. Жабырлануучу, 49 жаштагы Ирандын жараны 500 доллар акчасын уурдап кетишкенин билдирген.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган, 28 жаштагы Э.А. кармалган. Шектүү тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.