Борбор азиялык жаштар оркестри Чолпон-Атада жана Бишкекте чыгармачылыгын тартуулайт

Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда 15-августта жана Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясында 24-августта италиялык дирижёр Жерардо Колеллдин жетекчилиги астында Борбор азиялык жаштар оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу 13-августта Маданият министрлигинен билдиришти.

Концерттин программасында белгилүү композиторлор В.А.Моцарт, Ж.Россини, Б.Барток, Л.Бетховен жана И.Стравинскийдин чыгармалары жаңырат. Саамалыктын максаты - Борбордук Азиядагы маданиятты өнүктүрүү, байланыштарды түзүү жана музыканттарды колдоо.

Жаштар оркестрин түзүү боюнча долбоор Европа кеңешинин кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен 2012-жылы старт алган. Ага Борбор Азия өлкөлөрүндөгү 13 жаштан 30 жашка чейинки жаш таланттар катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Janybek.
2015-08-13 17:03:37
Красавчик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан