Кытай. Тяньцзинь шаарындагы кампадагы эки чоң жарылуудан каза тапкандардын саны 44 адамга жетти

Кытайдын Тяньцзинь шаарында 13-августка караган түнү логистикалык компаниянын кампасында эки чоң жарылуу болду. Ал жерде кооптуу химиялык каражаттар сакталганы айтылууда. 
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан каза тапкандардын саны 44 адамга жетсе, жаракат алгандар 500дөн ашат. Каза болгондордун арасында өрт өчүрүүчүлөр да бар. Ал эми 20дан ашуун адам дайынсыз жоголгон деп изделүүдө. Бул тууралуу 13-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, азыркы тапта жарылуу болгон жерде биохимиялык жана ядролук каражаттар боюнча 214 адис иш алып барып жатат. 
Интернетке кырсык учурундагы жана кырсыктан кийинки жердин абалы чагылдырылган сүрөттөр тарады. Андан жаракат алган адамдардын чыгып жатканын, жүздөгөн унаалардын өрттөнгөнүн көрүүгө болот. 
Кытай. Тяньцзинь шаарынын өнөр жай зонасында эки чоң жарылуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
beka1207
2015-08-13 17:49:33
эмне болгон кампа экен...авто унаалардын коптугун...жаман кырсык болуптур
0
marmilantka
2015-08-13 17:49:46
Мен кечинде еле коргом 44 адам емес 400,500 адам каза болду деди окшойт еле. Даже жардыруу болгондо космостон да корунуптур.
0
kadamjai90
2015-08-13 18:52:41
Jaman bolupturgo.
0
kadamjai90
2015-08-13 18:53:35
Kytailar erten 2 jumada kalybyna keltirip koiot kaira
+4
Talgat87
2015-08-14 00:02:34
Мини атом бомба жарылгандай го..Огненный волна
0
Erniet
2015-08-14 04:49:17
Бул Кытай учун ото деле чон жоготуу эмес
0
yrysbek
2015-08-14 08:34:23
Шумдук болуптургооо,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан