“Керемет суудагы” окуя боюнча 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, алар “адам өлтүрүү” беренеси боюнча айыпталышууда. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен аталган эс алуучу жайдын ээси менен жергиликтүү тургундардын ортосунда уруш чыккан. Анын кесепетинен 25 жаштагы жигит каза тапкан. Мындан улам Чоң-Өрүктү айылынын тургундары аталган жайды толугу менен өрттөп салышкан.