Бүгүн, 28-февралда саат 05:52де Жалал-Абад облусунда күчү 3,9 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү Майлы-Суу шаарында 3 балл, Көк-Таш айылында 2-2,5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Майлы-Суу шаарынын түндүк-батышына карай 5 чакырым, Таш-Көмүр шаарынын түштүк-чыгышына карай 20 чакырым, Шамалды-Сайдын түндүк-чыгышына карай 20 чакырым жерде болду.