Ички иштер министрлиги "Керемет суу" эс алуу жайындагы жаңжал боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө: “Бүгүн саат 12:00 чамасында 1986-жылы туулган Мырзажалил Тажиев 4 досу менен “Керемет суу” эс алуу жайына келишкен. Бирок эс алуучу жайдын ээси менен алардын ортосунда төлөмдөр боюнча түшүнбөстүк чыгып, мушташка айланып кеткен. Анын кесепетинен Өрүктү айылынын тургуну Мырзажалил Тажиев алган жаракатынан улам каза тапкан. Мындан улам аталган жерге каза тапкан жарандын туугандары жана айыл тургундары келишип, эки кабаттуу үйдү жана 3 унааны өрттөп салышкан. Учурда кылмышка шектүү катары “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси Ишен Ашыров жана 4 адам кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”,- деп айтылат.