Бишкекте бир канча каракчылык фактысына шектелген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган 5 адам Ысык-Ата жана Ысык-Көл райондорундагы каракчылык фактыларына шектелүүдө. Алар 1-август күнү Новопокровка-Алга унаа жолунда Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургунун тапанча менен коркутуп, уюлдук телефонун жана унаасын тартып алышкан. Ошондой эле аталган кылмыштуу топ 3-август түнү К.Э. аттуу айдоочуну сабап, унаасын айдап качып кетишкен.
Бул факт боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмышка шектүүлөр кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.