Эки тажик жараны 50 килограммдан ашык маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-август күнү Лейлек районунун Арка айылында Т.А. аттуу тажик жараны кармалган. Анын жанынан 13 килограмм гашиш алынган. Ошол эле күнү Сары-Таш - Кара-Мык унаа жолунда Ауди унаасы токтотулуп, салондун ичинен Л.А. аттуу тажик жаранына тиешелүү 41 килограммдан ашык маңзат табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.