Кечээ, 13-августта Орусияда Москва - Челябинск унаа жолунун 1744-чакырымында ири жол кырсыгы орун алып, кыргыз жарандары жабыркашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, жүргүнчү ташуучу автобус кыргыз жерине сапар алган. Анда 30га жакын кыргыз жараны, алардын арасында жаш балдар жана кош бойлуу аял болгон. Жолдо автобустун токтоткучу (тормоз) кармабай калып, астында бараткан жеңил унааны сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жеңил унаа жолдун сыртына чыгып кетип, унаадагы 3 адам каза тапты. Андан соң автобус 20 тонналык фураны сүзүп токтогон.
Автобустагы 3 жүргүнчү ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Кырсыкка кабылган Кыргыз Ресубликасынын 28 жараны, алардын арасында 5 бала жана кош бойлуу аял Челябинск облусунун Златоуст шаарына убактылуу жайгаштырылды. Аларга керектүү жардам көрсөтүлүүдө.