Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда SUPER.KG порталына Whatsapp аркылуу окурман кайрылып, Кербен шаарындагы унутта калган эстелик тууралуу билдирген эле. Бул боюнча Аксы районунун акими Медет Айдаралиев: “Нүзүп бийдин эстелигинин курулушу былтыр күздө башталган. Акчанын тартыштыгынан улам токтоп турат. Аны Нүзүп бийдин урпактары тургузуп жатышат. Бир аз күн мурун “Нүзүп бий” фондунун жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүздүк. Тиешелүү акча каражатын таап, быйыл бүтүрөбүз дешти”,- деп билдирди SUPER.KG порталына.