2 килограмм маңзат менен Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышты

Бишкек шаарында 13-август күнү 2 килограмм героин менен Жалал-Абад облусунун тургундары колго түшүрүлүштү. Бул тууралуу 14-августта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалгандар 32 жаштагы С.М., 29 жаштагы С.У. жана 28 жаштагы М.А. Тажикстандан алынган баңгизатын ири өлчөмдө Жалал-Абад облусуна, Бишкек шаарына, Казакстан жана Орусияга ташып келишкени белгилүү болгон. Алардын бири маңзат ташуу боюнча топтун башчысы болгону аныкталды. Кармалган жарандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
taraza_
2015-08-14 12:25:22
Жакшы иш болуптур,ким информация берсе, мээнет кимдики болсо аны акчалай сыйлаш керек. "Эшек иштейт, ат жейт" болбой.
0
Aijash90
2015-08-16 10:00:01
Урматтуу супер инфо маңзат деген эмне макалада жазылып турат го..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан