"Окууга өткөрүү үчүн 10 миң сом алып, качып жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

"Жогорку окуу жайына өткөрүү үчүн 10 миң сом алып, качып жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 14-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 13-августта милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал ЖОЖго өткөрүүнү убадалап, 10 миң сом алган соң качып кеткен Амангелди аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. 

Факт боюнча Октябрь РИИБи тарабынан "алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1981-жылы Бишкек шаарында туулган С.Амангелди аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө абагына киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tuke8686
2015-08-14 14:40:15
Алсан кобурак албайсынбы откоргонго ажараша. Ал Озунон ашпадыго дейм
0
malika79
2015-08-17 09:24:13
ой бул Аман агай турбайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан