Чүй облусунун Чүй районунда жыныстык кызмат көрсөтүлгөн түйүн табылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери атайын операция уюштуруп, эс алуучу саунада жыныстык кызмат көрсөтүлгөнүн аныкташты. Ал жерден белгиленген акча каражаттары жана керектүү далилдер табылды.
Аталган жеке саунаны ижарага алган адам Токмок шаарынын 33 жаштагы тургуну, А.А. аттуу айым экени аныкталып, ал администратор болуп иштегени белгилүү болду.
Бул боюнча “сойкулук менен алектенүүчү уюкту уюштуруу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат.