Бишкек-Кемин унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, жабыркаган жаран мерт болду

"Жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп кеткен" деп шектелип 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 14-августта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 13-августта саат 01:50 чамасында Бишкек-Кемин унаа жолунда жол кырсыгы орун алган. Анда айдоочу жөө адамды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмыштын изи сууй электе МАИчилер тарабынан шектүү катары Хонда Степвагон унаасынын айдоочусу А.Н. кармалган. Каза болгон жаран 55 жаштагы Чүй облусунун тургуну И.К. экени белгилүү болгон. Жол кырсыгы боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жаран тергөө абагына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Urmato
2015-08-14 12:07:37
Ыйманы саламат болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан