Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда "мыкаачылык менен адам өлтүрдү" деген шек менен 27 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу 14-августта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 12-августунда саат 05:00 чамасында Ноокен районунун Масы айылынын Султанов көчөсүндөгү өз үйүнөн 1949-жылы туулган Альбина Мурашкинанын бир канча жаракаттары бар жансыз денеси табылган.
Киши колдуу болуп көз жумган аялдын өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада шектүү катары аталган айылдын тургуну, маркумдун 1988-жылы туулган келини кармалды. Ал тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.