Сокулук районунда мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 14-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Чүй облусунун Сокулук районундагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Шопоков шаарындагы мектеп-гимназияда болду. Мектепте 1258 окуучу билим алат. Жолугушууда мугалимдер жамааты жана ата-энелер билим берүү тармагына киргизилген жаңы өзгөрүүлөр, окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу сыяктуу көйгөйлөрдү талкуулашты. 

"Буга чейин айтылгандай эле, 2016-жылдын январь айынан тартып билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мугалимдер аттестациядан өтүшөт. Билим берүү министрлиги тарабынан ар бир окутуучунун жумушунун эффективдүүлүгүнө баа берүүгө шарт түзүүчү мугалимдик кесиптин стандарты иштелип чыккан",- деп айтылат маалыматта.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
beben
2015-08-14 18:11:35
Аттестациядан отушсо эн сонун болот .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан