Жыл аягына чейин Нарын шаарында 5 көчө оңдоп-түзөөдөн өтөт

Нарын шаарындагы ички жолдорду оңдоп-түзөөгө 58 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта SUPER.KG порталына Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жогорудагы каражатка Сагымбай Орозбаков, Андабеков, Шуллер, Молдоев жана Ленин көчөлөрү оңдолот. Учурда оңдоо иштери үч көчөдө жүрүп жатат. Ошондо жалпысынан 6 чакырым 750 метр жол оңдоп-түзөөдөн өтөт.  

Айта кетсек, оңдоо иштери 31-июлда башталган. Аны 10-октябрга чейин бүткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан