“Керемет суудагы” жаңжал боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши “адам өлтүрүү”, “бейбаштык” жана “мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу” беренелери боюнча козголгон.
Айта кетсек, кечээ, 13-августта “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси менен эс алуучулардын ортосунда төлөмдөр боюнча уруш чыккан. Анын кесепетинен 1986-жылы туулган Мырзажалил Тажиев каза тапкан. Мындан улам аталган жерге каза тапкан жарандын туугандары жана айыл тургундары келишип, эки кабаттуу үйдү жана 3 унааны өрттөп салышкан. Учурда кылмышка шектүү катары “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси Ишен Ашыров жана 4 адам кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.