Жылнаама, 15-август: Мындан 91 жыл мурун "Чоочун киши", "Астра гүлү" өңдүү чыгармалардын автору, жазуучу Зуура Сооронбаева туулган

* Мындан 91 жыл мурун, 1924-жылы жазуучу Зуура Сооронбаева туулган. 1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун "Ысык-Көл правдасы" гезитинин редакциясында секретарь-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1959-1974-жылдары район аралык "Коммунисттик эмгек" гезитинде кабарчы, 1974-1979-жылдары кайрадан "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп иштеген. 
Биринчи поэтикалык жыйнагы "Менин айылым" деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Ал бир нече прозалык чыгармаларды жаратып, алардын арасынан 1971-жылы жарык көргөн "Астра гүлү" повести орус тилинде 1979-жылы "Осенние цветы" деген ат менен басылып чыккан. З.Сооронбаева драматургия жанрында да бир нече пьесаларды жазган. Мисалы: "Эркек колукту", "Сынган мазар", "Байлык жана махабат", "Өрттүү таң". Анын "Сынган мазар" пьесасы казак тилине которулуп, "Илдет" деген ат менен Абай атындагы Жамбыл театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору. "Чоочун киши" романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.
* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы СССРде режиссёр Андрей Кончаловскийдин кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде “Мосфильм” жана “Кыргызфильм” киностудиялары тарабынан тартылган “Биринчи мугалим” тасмасы экранга чыккан. Анда башкы ролдорго таланттуу актёр Болот Бейшеналиев менен казак актрисасы Наталья Аринбасарова тартылган. Бул ролу үчүн Наталья Аринбасарова 1966-жылы Венециядагы эл аралык кинофестивалдын «Волпи» кубогун жеңип алган. 
Тасманын мазмуну: 1923 жыл. Орто Азияда жарандык согуш токтогону менен, басмачылар али толук жоюла элек учур. Комсомолдун тапшырмасы боюнча кызыл аскер Дүйшөн элет жерине мектеп ачканы келет. Жергиликтүү калк анын умтулган талабына көңүл кош мамиле кылат. Көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан, окуучулардын жаркын келечегине ишенген Дүйшөн чечкиндүү кадам таштап, көздөгөн максатына тынбастан барат.
* Мындан 246 жыл мурун, 1769-жылы Европаны бир топ дүрбөлөңгө салып, үшүн алып турган Франциянын императору (1804-1814) Наполеон Бонапарт төрөлгөн. Ал өзүнүн аскердик кызматын 1785-жылы артиллерияда кенже лейтенант наамында баштаган. 1793-жылы 18-декабрда шаарды басып алган соң, бригадалык генерал наамын алып, Улуу Франция революциясында алдыга чыккан. 
Наполеон Бонапарт 1819-жылдан баштап катуу ооруп, 1821-жылы 5-майда каза болгон. 1840-жылы Луи-Филипп бонапартчылардын суранычы менен Ыйык Елена аралына Жуанвильский ханзааданын башкаруусунда делегация жиберет. Делегациянын максаты Наполеондун сөөгүн Францияга кайтаруу болчу. 1840-жылы 30-ноябрда императордун сөөгү Ыйык Елена аралынан Парижге алынып келип, майыптар үйүнө коюлган.
* Мындан 25 жыл мурун, 1990-жылы акын, музыкант Виктор Цой 28 жаш курагында эртең мененки саат алтыларда жол кырсыгынан каза тапкан. Күнүгө таң заардан балык уулоону адатка айландырган ырчы бул жолу да ошол тарапка кетип бараткан. Москвич-2141 машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен Икарус автобусу менен кагылышкан жана ошол жерден эле каза тапкан. 19-августта Виктор Цойдун сөөгү Ленинграддын Богословск көрүстөнүндө жерге берилген. 
Виктор Цойдун өлүмү бардык жактоочулары үчүн күтүүсүз окуя болгон. Бир нече күйөрманы өз өмүрлөрүнө кол салышкан. Виктор Цойду акыркы сапарга узатууга миңдеген адам келген. 
Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой Ленинград шаарында туулган.
15-августта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан