Максат Сабиров: "Бийик тоолуу айылдарга каралган жеңилдиктер берилбей жатат"

ЖКнын 28-февралдагы жыйынында депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусунун тургундарынын кайрылуусу боюнча маселе көтөрдү. Ал бийик тоолуу айылдарга каралган жеңилдиктердин жоюлуп кеткенин айтты. "Бийик тоолуу аймакта жайгашкан Боз-Учук, Ак-Чий, Энчилеш, Пионер сыяктуу айылдарга каралган жеңилдиктер берилбей жатыптыр. Мурда берилип келген, бирок 2008-жылы белгисиз себептер менен алынып салынган. Муну өкмөт карап көрүшү керек". Сабиров Тоң районундагы Көк-Сай айылынын башына суу сактагыч куруунун мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керектигин да кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан