* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн кыргыздар Нарын суусунун сол өйүзүндөгү Жан-Булак кыштагын басып алууга далалат жасашкан. Казымбек баштаган кыргыздар сууга киргенде 300 чамалуу аскер каршы чыкканын көрүшүп, кайра Ак-Мойнокко артка чегинишкен. Нарындан ушул эле күнү Кочкорду карай 300 чамалуу аскер чыгыптыр деген кабарды уккан кыргыздар өз айылдарына тарашкан. Тынымсейит уруусу 16-августтун түнү Кара-Кужур аркылуу Кара-Каманга, андан Балгарт, андан Жаман-Эчки ашуусун ашып Тарагайга келишип, ал жерден Ак-Өгүз ашуусу аркылуу Ак-Сууга киришкен. Кытайга качкан кыргыздар мал-мүлкүнөн ажырап, азап тартышкан.

* Мындан 57 жыл мурун, 1958-жылы «Америка жашоосу», «Кыз сыяктуу», «Бактылуу жылдыз» жана башка ырлары менен дүйнөлүк масштабда белгилүү болгон ХХ кылымдын эң популярдуу ырчысы, «поп-музыканын ханышасы»
Мадонна АКШнын Мичиган штатында туулган. Дүйнөнү багындырган Мадоннанын толук аты-жөнү – Мадонна Луиза Вероника Чикконе. Мадонна ыр ырдап, фильмге эле тартылбастан, китеп да жазат. Китептеринин көпчүлүгү жаш балдарга ылайык жомок китептери болуп эсептелет. Китептери да ырлары сыяктуу бир темадан бир темага аттап, ар түрдүү көз карашты пайда кылып келет. Ал 1992-жылы “Секс” аттуу китеп жазган болсо, ошондон 11 жылдан кийин, башкача айтканда, 2003-жылы балдарга арналган “Англия розалары” аттуу китеби жарыкка чыккан.
Мадонна көпчүлүк жылдыздар сыяктуу баңгиликке, аракка, кумарга берилбестен, атактуу боло элегинде кандай болсо, азыр да ошол эле калыбында. Ал өзүнүн жашынан алда канча жаш көрүнүп, азыркы жаш ырчылардан калбай күйөрмандарын сүйүндүрүп келет.
Мадоннанын фобиясы – ратифобия, башкача айтканда, ал картаюудан, бетине бырыш түшүүдөн абдан коркот. Ошондуктан ар түрдүү спорттук машыгууларды жасоо менен келбетин, сулуулугун сактап келет.
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы Москва - Санкт-Петербург каттамындагы "Аврора" ылдам жүрүүчү поезди кыйрап, 31 киши каза болуп, жүздөн ашуун киши ар кандай жаракат алган.

* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы атактуу америкалык ырчы
Элвис Пресли каза болгон.