* Мындан 16 жыл мурун, 1999-жылы
Түркияда болгон күчү 7,8 баллга жеткен зилзаланын кесепетинен 17 217 киши каза болуп, 43 959 киши жаракат алса, 500 миңден ашуун адам үй-жайсыз калган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, СССРдин Саламаттыкты сактоосунун отличниги, жогорку категориядагы врач-терапевт
Шайгүл Жапарова көз жумган.
* Мындан 99 жыл мурун, 1916-жылы Пишпек шаардык окуу-китепканасы ачылган. Китепкана ачуу демилгесин мугалим И.М.Глебов, фельдшер И.А.Якушев, шаардык буржуй И.А.Моргунов көтөргөн.
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Омск шаарына жакын жерде, Иртыш дарыясында “Полосье” теплоходу жүк ташуучу баржа менен кагылышып, чөгүп кеткен. 6 киши каза болуп, 47 киши ар кандай жаракат алган.

* Мындан 72 жыл мурун, 1943-жылы америкалык атактуу актёр жана продюсер
Роберт Де Ниро туулган.
* Мындан 119 жыл мурун, 1896-жылы Бриджет Дрисколл аттуу айым тарыхта биринчи жолу автоунаанын курмандыгы болгон (саатына 20 чакырым ылдамдыкта келе жаткан автоунаа сүзүп кетип каза болгон).