Бишкекте табылган эки кичинекей кыз туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-август күнү саат 23:00 чамасында Садыгалиев менен Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде 7 жана 5 жаштагы эки кыз табылган. Алардын айтымдарына, ойноп жүрүшүп адашып калышкан. 13-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан кыздардын жашаган жери аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Айта кетсек, 2008-жылы жана 2010-жылы туулган эже-сиңдилер чоң энесинин колунда калышкан. Апасы болсо иштөө үчүн Ысык-Көл облусуна кеткен. Ошол күнү кыздарды агасы карап калган.