Бишкекте 30 жаштагы тургундун үйүнөн ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды

Бишкекте 30 жаштагы тургундун үйүнөн ок атуучу курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан 30 жаштагы П.Д. аттуу жарандын үйү текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында уктоочу бөлмөдөгү керебеттин алдынан эки ок атуучу курал жана ар кандай калибрлүү ок-дарылар табылган. Үй ээсинин айтымында, куралдарды Ала-Арча суу сактагычынан таап алган жана жаман ойдо жок катып жүргөн. Учурда бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
chinara88
2015-08-15 11:00:27
жалганды да окшоштуруп койуптур го ушунчаны кантип эле таап алсын.супер инфо экспертизадан откондон кийин дагы жазып койгулачы сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан