Бүгүн, 28-февралда Биринчи Май райондук сотунда “ата журтчу” айрым депутаттар боюнча өтүп жаткан сот ишинде Өзгөн районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттарынан кайрылуу келгени айтылды. Ал кайрылууда айыпталып жаткан депутаттардын конституциялык укуктарын калыбына келтирүү өтүнүчү жазылган. 40 депутат кол койгон бул кайрылууну сот ишине тиркеп коюуну жактоочулар өтүндү. Ошондой эле “Ууланган “Кумтөр” аттуу 2 сааттык видеотасманы көрүү же ишке тиркөө өтүнүчү да белгиленди. Бул өтүнүчтөрдү сот ишине төрагалык кылуучу Адылбек Субанкулов канааттандырды.