Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мырзакматовдун соту 27-августка жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ош шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, сот отуруму 13-августта болмок, бирок айыпталуучу Кеңеш Мырзакматовдун ооруп калгандыгына байланыштуу жылдырылган. Учурда ал шаардагы ооруканалардын биринде дарыланууда.
Айта кетсек, Кеңеш Мырзакматов 2012-2014-жылдар аралыгында “Ошто курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алып берем” деп бир канча жарандан 13 миллион сомго жакын акча алган. Анын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандардын саны 19га жеткен. Мындан улам ал май айында камакка алынган болчу.