Токтогул районунда 3 адам маңзат менен кармалды

Токтогул районунда 3 адам маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 14-август күнү Торкен айылында 1992-жылы туулган баланын башкаруусундагы Фольксваген Гольф 3 унаасы токтотулган. Текшерүү учурунда унаа ичинен 3 килограмм 500 грамм гашиш табылган. Ошондой эле 1989-жылы туулган жүргүнчүнүн баштыгынан 20 грамм маңзат алынган. Ошол эле күнү Толук айылында жогорудагы кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү 4,5 килограмм марихуана менен кармалган. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 3 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан