Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, мындан үч күн мурун тутанган өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундар жана өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Жалпысынан 150дөй адам ошол жакта жүрөт. Тутанган өрт 100 гектардай аянтты ээлеген. Куураган чөптөр менен кошо арча, карагайлар да күйүп жатат. Азырынча өрттүн келип чыгуу себеби тактала элек.