Бишкекке кирген оор жүк ташуучу унааларды жууп, анан гана шаарга киргизүү сунушталууда

Бишкек шаарына кирип жаткан оор жүк ташуучу унааларды жууп-тазалап, анан киргизүү керек. Бул сунушту ЖКнын бүгүнкү, 28-февралдагы жыйынында депутат Кожобек Рыспаев айтты. Депутаттын айтымында, аталган унаалардын айынан шаардын көчөлөрү булганып жатат. "Шаардын кире беришине унаа жуучу жайларды ачып, оор жүк ташуучу унааларды тазалап туруш керек. Эч болбоду дегенде дөңгөлөктөрүн жууп, анан гана шаарга киргизүү керек. Антпесе жолдон ылайдын баарын жабыштырып келип, ансыз да чаңдап турган шаарды булгоодо. Мэрия бул маселеге көңүл бурушу керек",- деди Рыспаев.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан