Индонезиянын чыгышында учак кырсыкка кабылып, 50дөн ашык адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн түшкө маал Папуа провинциясында болгон. Анда "Trigana Air Service" авиакомпаниясына таандык учак тоо кыркасына урунган. Учакта 5 экипаж мүчөсүнөн тышкары 49 адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча, алардын баары каза тапкан.