Ош. 20 күн мурун балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз делген жаран изделүүдө

Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл аймагында 20 күн мурун балык уулоого чыккан бойдон дайынсыз делген жаран изделүүдө. Бул тууралуу 17-августта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 2015-жылдын 28-июлунда 1955-жылы туулган Аккуш Токуров жана 1985-жылы туулган Нурланбек Маматалиев Кыргыз-Ата дарыясына балык уулоого чыгышып, кайтып келишкен эмес. 30-июлда
Н.Маматалиевдин жансыз денесин туугандары дарыядан табышкан. 

"2015-жылдын 16-августунда Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу капитан А.Исабековдун жетекчилигинде А.Токуровду издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон жок",- деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aimeerimka
2015-08-17 10:39:56
Тобоо кылдым менин тагам м н фам аты окшошго Жаткан жери жайлуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан