Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайында 2015-жылдын 13-августунда саат 16:17де Бишкек-Ош унаа жолунун 251-чакырымында болжол менен 100 гектар кургак чөп жана бадалдар күйгөн. Ошондон бери өрттү өчүрүү иштери уланууда.
15-августта Чычкан капчыгайындагы өрттү кол күчү менен өчүрүүгө Токтогул шаарынан 20 өрт өчүрүүчү, Үч-Терек айыл аймагынан - 9, Кара-Көл шаарынан - 13, Таш-Көмүр шаарынан - 13, Улуттук гвардиянын Кара-Көл шаардык №718-аскер бөлүгүнөн 33 аскер кызматкери жана Жалал-Абад облусунун райондук токой чарбаларынан 60 киши катышты.
ӨКМнын Жалал-Абад облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Бекмурзаевдин жетекчилигинде жалпы 56 адам Чычкан капчыгайынын Уу-Таш тилкесиндеги өрттү өчүрүүгө катышты. Жалпы 204 адам өрттү өчүрүүгө тартылган.
Таш-Көмүр шаарындагы КР ӨКМнын №2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан капитан Т.Абдраимовдун жетекчилигинде 13 куткаруучу Токтогул шаарындагы №97-аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратында түнөп калды.
Болжол менен 45 гектар аянттагы кургак чөп жана бадалдар күйгөн, учурда түтөп турат, өрттүн жалындап кетүү коркунучу сакталууда. Токтогул райондук токой чарбасынан 15 киши кооптуу аймакты байкоого алуу үчүн Чычкан капчыгайында калды.