Кытайдагы жарылуудан каза тапкандардын саны 112 адамга жетти

Кытайдын Тяньцзинь өнөр жай шаарында 13-августка караган түнү логистикалык компаниянын кампасындагы эки чоң жарылуудан каза болгондордун саны 112ге жетти. Дагы 95 адам дайынсыз болууда. Ал эми ооруканадагы 722 адамдын 85и оор абалда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жалпысынан 20 миң чарчы метр аянт өрттөнгөн. Кытайдын Жогорку прокуратурасы окуя боюнча иликтөө иштерин баштаган. "Шалаакылык" беренеси менен иликтенип жаткан кылмыш иши боюнча "Ruihai Logistics" компаниясына тиешелүү кампанын ээлери, чиновниктер жоопкерчилик алыша элек.  
Ири жарылуу болгондон бери куткаруу иштери улантылып келет. Бул арада майда жарылуулар да болуп жатат. Жергиликтүү басылмалар абага цианид тараганын маалымдаган эле. Уулуу заттар сакталган кампада бүгүн, 17-августта эртең менен дагы бир жарылуу орун алган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
diiazbek
2015-08-17 10:39:18
кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан