Бишкек-Торугарт унаа жолунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкек-Торугарт унаа жолунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 14-август күнү саат 22:10 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 85-чакырымында болгон. Анда белгисиз айдоочу 1966-жылы туулган жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Бул боюнча издөө иштери жүрүп, 1967-жылы туулган М.Ш. аттуу айдоочу кармалган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан